Жалал-Абад облусунда зыяндуу чегирткелер таралууда
- 3 недели мурун
Жалал-Абад облусунда зыянке чегирткелер таралууда. Бул тууралуу сууресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди.
Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 7 320 гектар аянтта зыяндуу чегирткенин таралышы катталды.
Быйыл зыянкечтер эрте пайда болгондуктан, адистер тарабынан 11 530 гектар жайыт аянты текшерүүдөн өткөрүлдү.
Дезинфекциялоо иш-чаралары Ала-Бука, Аксый, Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда 5 даана атайын техника менен аткарылууда.
Бүгүнкү күнгө карата 4 000 гектар аянт иштетилип, жакынкы күндөрү дагы 7 000 гектарды камтуу пландалууда.
Ошондой эле буга чейин Ош облусунун райондорунда да тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
Учурда кырдаал көзөмөлдө болуп, алдын алуу иш-чаралары улантылууда.
Республика боюнча бардык аймактарда көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Сүрөт: Айыл чарба министрлиги




