Түштүк аймактарга 10 миң тонна минералдык жер семирткич социалдык багыттагы баа менен жеткирилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгы алдында «Кыргыз Агрохолдинг» ачык координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйында фермерлерди колдоо, мал чарбасын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо маселелери талкууланды.

Кеңеш түштүк аймактарга 10 миң тонна минералдык жер семирткичти социалдык багыттагы баалар менен жеткирүү боюнча пилоттук долбоорду жактырды. Анын жалпы наркы 394,3 млн сомду түзөт.

Ошондой эле Чүй облусунда эт кластерин түзүү долбоору колдоого алынды. Анын алкагында 2027-жылы 10 000 баш малды бордоп семиртүү пландалууда.

Мындан тышкары, фермерлерди асыл тукум кунаажындар менен камсыздоо, аларды жылдык 3 пайыздык жеңилдетилген насыя менен сатып алуу, «Мал-Аман» жана «Асыл тукум» борборлорун түзүү, ошондой эле кытайлык өнөктөштөр менен «Агрокомпа» биргелешкен ишканасын уюштуруу демилгелери каралды. “Мал Аман” борборуна алгач 1500гө жакын ветеринардык дарыгерлер бириктирилип, аларга айлык маяна төлөп берилет. Жаңы ишканага алынган адистер малдарды эмдөө, кан үлгүлөрүн алуу жана башка мамлекеттик ветеринардык иш-чараларды жүргүзөт. Ошондой эле жарандарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтө алышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты