Жалал-Абад облусунда жер титиреди
- 5 месяцев мурун
Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, бүгүн, 18-июлда, саат 01:27де Жалал-Абад облусунда очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөө Көк-Бел айылынан түштүк чыгышка, Кетмен-Төбө айылынан түштүк батышка, Кара-Көл шаарынан чыгышка карай 20 чакырым жерде болгон.
Жер титирөө элдүү пункттарда — Көк-Бел айылында 3 балл, Кетмен-Төбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Сүрөт: Сейсмология институту
Муну бөлүшүү




