Жалал-Абад облусунда жер титиреди
- 4 месяца мурун
Улуттук илимдер академиясына караштуу сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 19-июнда, саат 18:09да Кыргызстанда очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Бузук айылдарында — 4,5 балл, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында, Чаткал районунун Кызыл-Токой, Айгыр-Жал айылдарында, Аксы районунун Кашка-Суу айылында — 4 балл, Аксы районунун Кербен, Жерге-Тал, Достук айылдарында, Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында жана Чаткал районунун Сумсар айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү