Жалал-Абад облусунда жер силкинди
- 3 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-мартта саат 22:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Чаткал районунун Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Коргон-Сай айылдарында 4 баллга чейин;
Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар, Башкы-Терек айылдарында 3,5 баллга чейин;
Беш-Арал, Чакмак-Суу, Терек-Сай айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү