Жалал-Абад облусунда жер силкинди

  • 10 месяцев мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 23-июлда саат 20:25те Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Сузак районунун Орток, Кара-Алма айылдарында 3 балл, ал эми Сары-Булак, Ак-Тоок, Таран-Базар, Сай, Жоон-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты