Жалал-Абад облусунда жер силкинди

  • 11 месяцев мурун

Сейсмология институнун маалыматына ылайык, бүгүн, 1-июнда, саат 09:21де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Аксы районунун Тегирмен-Сай, Итагар айылдарында — 4,5 балл, ал эми Жылган, Жол-Сай, Товар-Сай, Кызыл-Туу, Коргон, Авлетим, Кашка-Суу,Кызыл-Капчыгай айылдарында 4балл, Мундуз, Кой-Таш айылдарында жана Кербен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты