Жалал-Абад облусунда тоо-кен иштетүү боюнча жеке компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан көмүр-кен иштетүү жеке компанияларынын мыйзамсыз иштери аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.  

Тийиштүү адистердин тыянагынын негизинде тоо-кен иштетүү жеке компаниялар эч кандай иш-кагаз жана каттоо уруксаты жок ишмердүүлүгүн лицензиялык аймагынан сырткары жүргүзүп келишкен. Анын кесепетинен мамлекетке 4 477 723 сом зыян келтирилген.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке компаниялар тарабынан өз ыктыяры менен 2 205 715 сом мамлекеттин эсебине кайтарылып, башка тоо-кен тармагындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюлду.

Азыркы учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты