Жалал-Абад облусунда мечит курууга мыйзамсыз уруксат берүү боюнча кылмыш иши козголду

  • 5 месяцев мурун

Сузак районунун Барпы айылында 2022-жылдын аягында Ч.М.Х. аттуу жаран уруксат документтери жок, үйүнүн короосуна өз алдынча мечит куруп алганы аныкталган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

2023-жылдын март айында аталган мечит иши токтотулуп, 7500 сом административдик айып салынган. Ага карабастан Ч.М.Х. башка айылдардын тургундарынын колдорун чогултуп, Сузак районунун Барпа айыл өкмөтүнүн башчысынын, Жалал-Абад областынын казыятынын,  Сузактагы “Кадастр” жана архитектура бөлүмүнүн жардамы менен айылда жума мечитинин (700м аралыкта) болгонуна карабастан, уруксат кагаздары берилген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Ошол эле учурда аталган мечитте КР мыйзамдарында тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн зыярат кылуу фактылары белгиленди.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-берененин 1-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Барпы айыл аймак башчысынын, Сузактагы “Кадастр” жана архитектура бөлүмүнүн жетекчилеринин, облус казысынын, ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик еомиссиясынын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.

Андан кийин ДИМК тарабынан берилген каттоо күбөлүгү жокко чыгарылып, мечит Сузак районунун Барпы айылынын тургундарынын муктаждыгы үчүн социалдык объектке (ФАП же мамлекеттик дарыкана) айландырылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты