Жалал-Абад облусунда баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөн милиция кызматкери кармалды

  • 4 месяца мурун

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер башкармалыгынын Бек-Абад айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкери К. у К. ири өлчөмдө баңгизат ташуу жана сатуу менен алектенип келгендиги аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.   

Маалыматта айтылгандай, 14-декабрда мурда козголгон кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын коопсуздук кызматынын бөлүмү менен бирге ,«Афган чарс» баңгизатынын кезектеги партиясын сатуу учурунда жогоруда аталган милиция кызматкери пара менен кармалды.

Мындан сырткары баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан И.И., У.Ш.М. аттуу эки жаран кармалган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 562 граммды түзгөн.

Кармалгандар УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты