Жалал-Абад облусунда 60 мечит каттоодон өтпөй иштеп жаткандыгы аныкталды

  • 10 месяцев мурун

Жалал-Абад облусунда мечиттердин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия 60 мечиттин каттодон өтпөй иштеп жаткандыгын аныктады.  

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.   

Мечиттердин курулушун координациялоонун жана аларды каттоонун бирдиктүү эрежелерин текшерүү максатында, Жалал-Абад облусундагы мечиттерди текшерүүнү уюштуруу боюнча УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ички иштер башкармалыгынын, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин, ӨКМ, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Дин иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын кызматкерлеринен турган атайын комиссия түзүү демилгеленген.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө каттоодон өтпөгөн 60 мечит аныкталган. Райондор жана шаарлар боюнча: Сузак — 33, Базар-Коргон — 2, Ноокен — 5, Аксы — 3, Чаткал — 5,Токтогул — 1, Тогуз-Торо — 7, Жалал-Абад — 3, Майлуу-Суу — 1.

Атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында 11 мечит каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерин даярдады, 49 мечитке каттоодон өтүү сунушу берилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты