Жалал-Абад облусунда 5 кг. гашиш менен чет элдик жаран кармалды
- 10 месяцев мурун
- Видео
А.А.А. аттуу чет элдик жаран Жалал-Абад облусунун аймагынан 5 кг гашиш баңги затын сатып алып, аны Өзбекстанга өткөрүп берүүнү пландаганы аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
2-октябрда кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айылынын Лола тилкесинде Кыргызстен менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасына жакын жерде 5 кг баңги заты менен А.А.А. кармалды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




