Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы кармалды

  • 3 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Жалал-Абад облустук жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы аныкталды.

Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмү менен 1982-жылы туулган Х.С.С. кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүндө (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмышка күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Соттун жогоруда аталган чечими апелляциялык инстанцияда,  Э.К.К., М.У.К. жана К.М.М. судьялар курамы тарабынан кайрадан каралып, сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгарылган, ага ылайык Х.С.С.нын иш-аракеттери кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүнө 268-беренесинин 2-бөлүгүнө (2017-жылдын редакциясында) негизсиз квалификацияланып, 8 жылга эркинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалган жана өкүмдүн аткарылышы башка мамлекеттин аймагында болуп, энесинин камкордугунда болгон анын уулу 14 жашка чыкканга чейин мыйзамсыз кийинкиге калтырылган.

Сот адилеттигине жатпаган чечимдин натыйжасында соттолгон Х.С.С. камактан бошотулуп, укук коргоо органдарынан качып кеткен.

Башкы прокурор тарабынан Жалал-Абад облустук сотунун Э.К.К., М.У.К. жана К.М.М. судьяларына карата чогултулган материалдар боюнча кылмыш иши козголгон жана 2024-жылдын 22-ноябрында Жогорку соттун Судьялар кеңеши аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө өтүнүчтү жактырган.

2024-жылдын 23-ноябрында Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен жогорудагы судьялар КР УКМКнын тергөө абагына 1 айга камакка алынды. Учурда  тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын жаңыланып ачылышындагы сөзүндө Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы коррупцияга шектелип кармалып жана камалганын билдирди. 

22-ноябрда Соттор кеңеши Жалал-Абад облустук сотунун судьялары Э.К.К., К.М.М.ге жана аталган облустук соттун мурдагы судьясы М.У.К.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы кармалды
Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы кармалды
Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты