Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын жаңыланып ачылышындагы сөзүндө Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы коррупцияга шектелип кармалып жана камалганын билдирди.   

-Кечээ кечинде эле Жалал-Абад облусунда облустук соттун үч судьясы кармалып, камалды. Эмне үчүн? Ошол үч сот дагы президенттин алдынан өткөн, Жогорку соттун Соттор кеңешинин тандоосунан өткөн, көп жылдан бери кызмат кылып келишкен, президенттин алдында таза кызмат кылабыз деп убадасын беришкен. Бирок ошол эле мезгилде жеке кызыкчылыгына, коррупциялык элементтерге берилип кетишип,  мыйзам бузушту. Мына ошонун негизинде кечээ аларды камадык,-деди Ташиев.  

Кармалган судьялардын аты-жөнү аталган эмес. 

Буга чейин 22-ноябрда Соттор кеңеши Жалал-Абад облустук сотунун судьялары Э.К.К., К.М.М.ге жана аталган облустук соттун мурдагы судьясы М.У.К.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты