Жалал-Абад облустук ооруканасына уурулукка кирген шектүүлөр кармалды

  • 2 года мурун

7-январга караган түнү облустук оорукананын администрациясынын эшигин белгисиз кишилер бузуп кирип, бөлмөдөн 4 ноутбук, 15 автоунаанын документтерин, 4670 литр бензиндин жана 2330 литр солярканын талондорун уурдаган.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБ тарабынан кылмыштын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБ жана Жалал-Абад ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынын 3 тургуну 1989-жылы туулган Б.З., 1990-жылы туулган Ш.М. жана 1987-жыды туулган Х.Х. кармалган.

Шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул тууралуу шаардык ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Башкы сүрөт: Интернет булактарынан. Шектүүлөр ИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты