Жалал-Абад облустук милициясынын кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги кармалды

  • 12 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) кайгуул-күзөт кызматында системалуу коррупциянын фактылары аныкталды. Күзөт кызматынын командири жана кайгуул-күзөт кызматынын командирлери кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кайгуул-күзөт кызматынын командири милициянын полковниги Ж.А.А. кызмат абалынан пайдаланып, кол алдындагыларды коомдук тартипти бузган жарандардан, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн автотранспорт каражаттарынын айдоочуларынан системалуу түрдө акча чогултууга мажбурлаганы аныкталган.

Ошол эле учурда Ж.А.А. “кызматыңардан алынасыңар” деп коркутуп, взводдун командирлерин ага жума сайын 20-30 миң сомдук акча каражаттарын берип турууга мажбурлаган. Ал эми взводдун командирлери өз кезегинде кол алдындагыларды элден акча чогултууга мажбурлашкан.

23-июнь күнү тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын командири Ж.А.А. кайгуул-күзөт кызматынын взводунун командирлери: милициянын ага лейтенанты М.К.Т, К.Т.А., жана милициянын прапорщиги А.А.Р. кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад облустук милициясынын кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги кармалды
Жалал-Абад облустук милициясынын кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги кармалды
Жалал-Абад облустук милициясынын кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги кармалды
Жалал-Абад облустук милициясынын кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты