Жалал-Абад: Нарын дарыясына агып кетти деген жаран изделүүдө
- 1 месяц мурун
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 3-август күнү, Нарын дарыясына 1994-ж.т. Н.Д. аттуу эркек киши сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Тогуз-Торо райондук куткаруучулар 3-4- август күндөрү издөө иштерин жүргүзүшкөн.
Натыйжа болбогондуктан 5-6- август күндөрү кошумча издөөгө Токтогул районунан дагы 5 куткаруучу кошулган. Камбар-Ата ГЭС-1ден баштап, суунун агымына каршы издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү