Жалал-Абад: Нарын дайрасынын жээгинен баланын сөөгү табылды
- 2 месяца мурун
Таш-Көмүрдө Нарын дайрасына чөгүп кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү 15 күндөн кийин табылды.
Бул тууралуу Таш-Көмүр шаарындагы республикалык куткаруу отрядынын 2-издөө куткаруу отрядынын командири майор Ж. Жанышбек уулу билдирди.
Анын айтымында, изделип жаткан баланын сөөгү 11-майда табылып туугандарына жана ИИМ кызматкерлерине берилген.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Сүрөт: ӨКМ
Белгилей кетсек, буга чейин Нарын дарыясында издеп-куткаруу иштери жүргүзүлгөн.
Муну бөлүшүү