Жалал-Абад маданият техникумунун директору пара менен кармалды
- 2 года мурун
- Видео
Жалал-Абад маданият техникумунун директору Т.А.Ж. кызмат абалынан кыянат пайдаланып, абитуриенттерден техникумга кирүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынын маалыматында “23-июлда кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн, пара опузалоо негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад маданият техникумунун директору Т.А.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган жаран КР УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат” деп айтылат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




