Жалал-Абад аэропортун шаар ичинен көчүрүү боюнча долбоор даярдалууда

  • 2 года мурун

Жалал-Абад аэропортун шаар ичинен көчүрүү маселеси каралууда.

Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Түркиянын Анталья шаарында иш алып барган “Лиманталия Гайрименкул иншаат туризм” компаниясынын жетекчилери менен жолугушту.

Жыйынга Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун жергиликтүү бийлик жетекчилери да катышты.

Жолугушууда  аталган облустун аймагында саламаттык сактоо, курулуш жана туризм тармагында иш алып баруу демилгелери талкууланды.

Компания башчыларына «Жалал-Абад аэропортун көчүрүү керек, ал үчүн атайын долбоор даярдалууда жана жер аянты ажыратылып жатат»деди облус башчысынын орун басары. Бул долбоор  облусту өнүктүрүүдөгү ири демилгелердин бири болгондугун, аны ишке ашырууга жергиликтүү бийлик ар тараптуу көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.

Жыйын бүткөн соң, Сузак районунун Ленин жана Көк-Арт айыл аймагында аэропорт куруу үчүн пландалып жаткан 270 гектардан ашуун  жер аянты  түркиялык инвесторлорго көрсөтүлдү.

Сүрөт: Обладминистрациянын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты