Жайыл районунда жол кырсыгы катталды
- 2 years мурун
Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 145-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Toyota Estima менен Toyota Camry унаалары жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен экөө каза таап, 10 киши жабыркаган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Куткаруучулар көз жумган жарандын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү