Жайыл райондук сотунун мурдагы аппарат жетекчиси пара алууга шектелип кармалды
- 2 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) Жайыл райондук сотунун судьясы жана мурдагы аппарат жетекчиси Д.А.К.нын мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы бүгүн, 2025-жыдын 31-октябрында билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын ноябрь айында аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, соттолуучу А.Д.М. аттуу жарандын бир тууганы Ю.М.М. аттуу жарандан соттун оң чечимин чыгарууга жардам берүүнү убада кылып, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылгандыгы аныкталган.
2023-жылдын ноябрь айында Ю.М.М., Д.А.К.га А.Д.М.нын иши боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн макулдашылган сумманын бир бөлүгү катары 480 миң сом берген. Бирок, алар каалаган өкүм чыгарылган эмес жана айыпталуучу соттолгон.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында А.Д.К. кармалып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




