Жаңылануунун башаты катары белгилеп келишкен. Президент Нооруз майрамы менен куттуктады

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына катышты. Иш-чара “Жаңы Кыргызстан” тасмасын көрсөтүү менен башталып, андан соң майрамдын мааниси, табият менен адамдын ортосундагы шайкештиктин маанилүүлүгү, ошондой эле жаңылануу жана кайра жаралуу жөнүндө театралдаштырылган оюн-зоок коюлду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Андан кийин мамлекет башчы жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Табияттын төрт мезгили ырааты менен алмашып, Мекенибизде жаздын деми ойгонгон учур. Илгертен эле табият менен таттуу мамиледе жашап келген элибиз бир күнү жылга тете болгон жаздын келишин чыдамсыздык менен күтүшкөн. Ата-бабаларыбыз жаңылануунун башаты катары жаздын келишине өзгөчө маани берип, көптөгөн чыгыш элдери менен катар жаз майрамы – Ноорузду белгилеп келишкен. Бул күнү кары дебей, жаш дебей кош өгүз менен буурсун тартып, жер бетине бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчий, этектериндеги буудайды кочуштап чачып, эртеңкисине кам көрүшкөн. Күн менен түн теңелген Нооруз күнү эл журттун амандыгын, мал-жандын эсендигин, тынчтыкты тилеп, ырыскынын, токчулуктун майрамы катары карап, берекелүү күздө мол түшүм берүүнү Жараткандан суранышкан.

Бүгүн мен мына ушундай аталар салтын улап, айланасы көрккө бөлөнгөн, береке-куту төгүлгөн ордолуу Ош шаарынан жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң-бурчунда болсо да ар дайым жүрөгү Мекен деп соккон мекендештеримди бүгүнкү Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктап, жамы журтума молчулук, ыйман-ынсап, акыл-парасат, ырыскы, береке тилеймин. Нооруз майрамыңыздар менен, кутман элим!” деди президент куттуктоосунда.

Жаңылануунун башаты катары белгилеп келишкен. Президент Нооруз майрамы менен куттуктады
Жаңылануунун башаты катары белгилеп келишкен. Президент Нооруз майрамы менен куттуктады

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты