Жаңыл Түмөнбаеванын 80 жылдык маарекеси белгиленди  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 26-сентябрда, Жогорку Кеңеш имаратында белгилүү дипломат, Кыргыз ССР Жогорку Советинин IX-XI чакырылыштагы депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаеванын 80 жылдык маарекеси белгиленди.  

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Жаңыл Түмөнбаеванын жакындары, замандаштары катышты.  

Жаңыл Түмөнбаеванын өмүр-жолу, саясий ишмердүүлүгү жана жасаган эмгектери чагылдырылган даректүү тасма көрсөтүлдү. Тасманы улай маареке ээси өзү дагы сөз сүйлөп, мындай саамалыкты уюштурган төрага Нурланбек Тургунбек уулуна жана тасманы даярдоо демилгесин көтөргөн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирди. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Кудайберген Базарбаев баштаган бир катар коноктор дагы Жаңыл Түмөнбаеваны куттуктап, анын мамлекеттик башкаруу жана дипломатия чөйрөсүндөгү кылган иштерине кеңири токтолду. 

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты