Усубалиевдин үй-бүлөсү, туугандары Кочкор айылына анын ысмын берүү демилгесинен баш тартууну сунуштады
- 2 месяца мурун
Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин үй-бүлөсү, жакын туугандары Кочкор районунун аксакалдарынын айылга Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү демилгесине чексиз ыраазылыгын билдирди. Бирок Кочкордун тарыхый аталышын, өзгөртпөстөн калтырууну сунуштады.
Турдакун Усубалиев атындагы коомдук фонд Усубалиевдин тарыхка, көчөлөрдүн, айылдардын, шаарлардын аталыштарына, өлкөнүн тарыхына өзгөчө мамилесин эске алууну, айыл аксакалдарын бул демилгеден баш тартууну суранды.
Кочкор айылы бул Турдакун Усубалиев туулуп-өскөн жердин өзүнүн тарыхый аталышы, бул район үчүн, Кыргызстан үчүн маанилүү. Кочкор деген аталыштын өзүнүн узун тарыхы бар. Ошондуктан райондун аксакалдарын бул демилгеден баш тартуусун суранат.
Кайрылууга Эсен Усубалиев, Турдакун Усубалиевдин небереси кол койгон.

Турдакун Усубалиев мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп чейрек кылым иштеген. Кыргыз Республикасынын Баатыры. Нарын облусунун Кочкор айылында туулган.
Сүрөттө: Турдакун Усубалиевдин Кочкор айылында тургузулган эстелиги. president.kg




