2028-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо жана 100 жылдыгына даярдык жөнүндө жарлык чыкты  

  • 1 месяц мурун

2028-жылдагы туулган күнүнүн 100 жылдыгы жакындап келе жаткандыгына байланыштуу, 2028-жыл Кыргыз Республикасында Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтына жарык көрдү.

Кыргыз элинин чыгаан уулу, залкар жазуучу, гуманист, философ, дипломат жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдык мааракесин татыктуу белгилөө максатында, анын дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө, маданияттар аралык диалогду бекемдөөгө жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтууга кошкон зор салымын эске алуу менен анын улуттук аң-сезимдин калыптанышындагы өзгөчө ордун таанып,

2028-жылдагы анын туулган күнүнүн 100 жылдыгы жакындап келе жаткандыгына байланыштуу, 2028-жыл Кыргыз Республикасында Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды.

Министрлер кабинетине 2026-жылдын биринчи кварталынын аягына чейин Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын планын иштеп чыгуу  тапшырылды.

Иш-чаралардын планын иштеп чыгууда төмөнкүлөрдү кароо:

-Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айылында жайгашкан “Чыңгыз-Ордо” маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексин “Айтматов ааламы” (“Вселенная Айтматова”) деп кайра атоону жана курулуш иштерин аяктоону; жогоруда аталган борбордун жана музей-комплекстин инфраструктурасын эл аралык маданий туризмдин стандарттарына ылайык келтирүүнү;

— Айтматовдун мурасын эл аралык таануу, анын ичинде чет өлкөлөрдө көргөзмөлөрдү, конференцияларды жана иш-чараларды тийиштүү жылга каралган республикалык бюджеттин чегинде, ошондой эле тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен уюштуруу боюнча аракеттерди күчөтүүнү;

— Айтматовдун 100 жылдыгын ЮНЕСКОнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында белгилөө жөнүндө маселени демилгелөөнү; адабият, философия, дипломатия жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтуу жаатындагы өзгөчө жетишкендиктер үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкты уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүүнү;  

-Айтматовдун мурасын изилдөөгө жана түшүндүрүүгө арналган илимий жана маданий иш-чараларды өткөрүүнү;

-Айтматовдун чыгармаларынын академиялык жыйнагын мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде даярдоону жана жарыялоону; ата мекендик жана чет өлкөлүк кинематографисттерди тартуу менен  Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган көркөм жана документалдык фильмдерди жаратуу боюнча долбоорду иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;

-мааракеге арналган кеңири масштабдуу маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүнү;

-Чыңгыз Айтматовдун ысымын көчөлөргө, мектептерге, китепканаларга жана башка объекттерге ыйгарууну;

-“Тарыхый окуялар” сериясындагы 100 сом номиналындагы “Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы” коллекциялык алтын монетасын чыгарууну; аталган иш-чараларды республикалык бюджеттин алкагында каржылоону, ошондой эле бюджеттен тышкаркы жана эл аралык ресурстарды тартуу боюнча иштерди күчөтүүнү;

-мааракелик программалардын алкагында талаптагыдай координациялоону жана эл аралык кызматташтыкты, ошондой эле демөөрчүлүк жардамды жана тыюу салынбаган башка каржылоо булактарын тартууну камсыз кылууну Министрлер кабинетине тапшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты