Нурлан Мотуев дүйнөдөн кайтты
- 2 месяца мурун
Блогер, “көмүр королу” каймана аты бар Нурлан Мотуев 57 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу социалдык тармактарга жарыяланып, жакындары ЖМКга тастыктады
Нурлан Мотуев бүгүн, 26-июнда, эртең менен көз жумганы белгилүү болду. Маалыматтарга караганда, узак убакытка созулган оорудан кийин, Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунда каза тапкан.
Нурлан Мотуев 1969-жылы 10-декабрда Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. Тюмень мамлекеттик университетинде орус филологиясы боюнча билим алган. 2000-жылдары “Асаба” гезитинде кабарчы болуп иштеген. 2005-жылы “жоогазын” революциясынан кийин “Кара-Кече” көмүр кенин замандаштары менен бирге басып алып, “көмүр королу” атка конгон.
2006-жылы ал ИИМ тарабынан көмүр кениндеги өзүм билемдик, талап-тоноочулук боюнча айыпталып, абакка отуруп чыккан. Андан кийин мамлекет көмүр кенине көзөмөлдү колуна алган. 2016-жылы бир катар айыптоолор менен бир жыл камакта болуп, 2018-жылы колонияга которулган.
Нурлан Мотуев социалдык тармактарда активдүүлүгү менен айырмаланып, коомдук-саясий окуяларга өз баасын берип келген. Элге окшобогон, өзгөчө жүрүм-туруму менен башкалардан айырмаланып турчу.
Блогер кийинки кездерде арыктап, ден соолугунан жабыркап келгени белгилүү болгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан




