Белгилүү укук коргоочу Зульфия Марат көз жумду
- 1 месяц мурун
Белгилүү укук коргоочу, коомдук ишмер Зульфия Марат 11-майда 59 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Эрнест Карыбеков Фейсбук баракчасында кабарлады.
Зульфия Марат 1966-жылы 29-июлда азыркы Бишкек (Фрунзе) шаарында туулган. Ал Фрунзедеги политехникалык институттун энергетика факультетин аяктаган.
Зульфия Марат Кыргызстанда биринчи болуп, бир катар саясий туткундардын укугун коргоп, алар акталып жана реабилитация болуусуна жетишкен.
Ошондой эле Кыргызстандын миңдеген тургундарын таза суу менен камсыздоого, биологиялык коркунучтардан калкты сактоого салымын кошкон.
Сүрөттө: Зульфия Марат. Социалдык тармактан
Муну бөлүшүү