Жаңы жылдык алдамчылар. Фактчекинг

Инстаграм колдонуучулары жаңы жылдык балаты саткан дүкөндөрдүн бирине нааразычылыктарын билдиришүүдө. Колдонуучулар баракча товар үчүн акча которулган соң кардарларды блоктоп салганын айтып, билдирүүлөрдү калтырышкан.

Жаңы жылдык алдамчылар. Фактчекинг
Жаңы жылдык алдамчылар. Фактчекинг

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү

@elkicrystal деп аталган баракчанын Инстаграмда 32 миңден ашуун катталуучусу бар. Жалпысынан 60 сүрөт жана видео жүктөлүп,  көптөгөн лайк жана бөлүшүүлөрдү топтогон. 

“12200 сомго алдап кетишти”

Биз алгач баракчага нааразычылык билдирген колдонуучуларга кайрылып көрдүк.  Алардын бири болгон Айганыш шылуундардын схемасы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

“Мен 30-ноябрда жаңы жылга балаты алайын деп ушул баракчага алардын WhatsApp номерине кайрылгам. Берген суроолорума жооп берип, тандаган балатынын баасын айтып, 3 күндө жеткирип беребиз дешти. Бардык сумманы алдын ала сурагандыктан кооптонуп, “Алдабайбыз деп кандай кепилдик бересиңер?” деп да сурадым. “Бардык жеткирүүлөр тууралуу баракчабызда маалымат бар, 14 күндүн ичинде  алмашуу же кайтарууну да ишке ашырсаңыз болот” дегенинен ынанып Мбанк эсебине 12200 сом төлөдүм. Жеткирүү этаптары тууралуу маалымат берип турушат го десем, андан кийин жазгандарыма, чалгандарыма жооп беришкен жок. Кийин такыр эле блоктоп салышты. Көрсө буларга нааразылар аябай көп экен” дейт ал.

Төмөндө Айганыш айым менен шылуундардын WhatsApp аркылуу жүргүзгөн маеги

Жаңы жылдык алдамчылар. Фактчекинг
Жаңы жылдык алдамчылар. Фактчекинг
Жаңы жылдык алдамчылар. Фактчекинг
Жаңы жылдык алдамчылар. Фактчекинг

Сүрөт жана видеолор башка баракчадан уурдалган

Баракча бир караган адамга чын эле шек жаратпайт. Катталуучулары көп, тарыхчасы бат-бат жаңыланат, “актуалдуу” бөлүгүндө кардарлардын пикирлери көрсөтүлгөн, ал тургай дүкөндүн кампасы тартылган видеолор да бар. 

Бирок комментарийлер бөлүгүнө чектөө коюлуп, бир да кардардын түз билдирүүсүн окуй албайсыз. 

Биз мында бөлүшүлгөн сүрөт жана видеолорго анализ жасап, алардын көпчүлүгү @elitnye.eli деп аталган башка бир дүкөндөн уурдалганын аныктадык.

Мисалы @elkicrystal 15-ноябрда бөлүшкөн балатынын видеолору @elitnye.eli  баракчасында 2022-2023-жылдары бөлүшүлгөн (1-4 сүрөттөрдө). 

Ал эми менеджер балатылар тууралуу түшүндүрүп жаткан видеону @elkicrystal 25-ноябрда киргизсе, @elitnye.eli сентябрь айында бөлүшкөн (5-6 сүрөттөр). 

Ошондой эле дүкөндүн “кампасында” деп тартылган видео да @elitnye.eli баракчасына тиешелүү, видеонун түп нускасы 2022-жылдын сентябрь айына туура келет. Ал эми көпчүлүк видеолордо тартылган Николай аттуу менеджер @elitnye.eli дүкөнүндө иштейт. Баракчанын 2023-жылдагы видеолорунда Николайды “Элитные ели” жазуусу бар футболка менен көрүүгө болот (9-10 сүрөттөр).

Жаңы жылдык алдамчылар. Фактчекинг

“Элитные ели” дүкөнү Россиянын Новосибирск шаарында жайгашкан. Өз ишмердүүлүгун 2016-жылдан бери жүргүзөт. Дүкөндүн жеке сайты жана Инстаграмда баракчасы бар. Биз баракчага кайрылып, башка филиалдары тууралуу сураганыбызда “биз Россияда гана иштейбиз” деген жооп алдык.

Жаңы жылдык алдамчылар. Фактчекинг

Бул баракчанын контенти уурдалган алгачкы учур эмес. Мисалы 2022-жылкы тарыхчаларында @elitnye.eli бул тууралуу маалымат бөлүшкөн.

Жаңы жылдык алдамчылар. Фактчекинг
Жаңы жылдык алдамчылар. Фактчекинг

“Соңку эки жылда балаты сезонунда Инстаграмда башка профилдерден контент уурдап, арзан баада товар сунуштаган фейк баракчалар пайда болууда. Эгер мурун шылуундар биздин балатылардын сүрөттөрүн эле алышса, эми биз бар видеолорду алгандан уялышпай калды. Мунун айынан жабыр тарткан адамдар биздин директке нааразы болуп жазышууда. Билиңиздер, биздин инстаграмда бир эле профилибиз бар. Бардык сатууларды ушул жактан гана жасайбыз. Этият жана сак болуңуздар!”-дейт баракча.

Жыйынтык: @elkicrystal баракчасы шылуундук менен алектенген  фейк баракча. Андагы сүрөттөр жана видеолор башка дүкөндүн баракчасынан уурдалган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты