2026-жыл жакшылыктын жылы болсун!
- 3 недели мурун
Жаңы жыл – жыл жыйынтыгын аныктай турган, жыл тогошкон жаркын майрамдардын бири. Ар бир адам, ар бир мекеме-уюм өкүлдөрү жаңы жылда өзгөрүү, жаңыланууну күтөт, жаңы максат-тилек-каалоолорду коет, жакшылыктан үмүт артат.
“ПолитКлиника” медиасы босогого келип калган жаңы, 2026-жыл менен окурмандарын бекем куттуктайт. 2013-жылдан, 13 жылдан бери сиздер биздин медианын туруктуу окурманы болуп келе жатасыздар. Биздин сайттын, социалдык бардык платформалардагы баракчалабыздын, Ютуб каналыбыздын окурмандары катары кемчил жактарыбызды түздөйсүздөр, жакшы жактарыбызды белгилеп, кубандырасыздар.
Биздин медиа дагы келерки, 2026-жылга изги максат-тилектерди алдына койду. Бул жылы, өткөн жана алдыдагы ар жылы биз менен бирге болгон окурманыбызды 2026-жыл менен куттуктайбыз жана ыраазылыгыбызды айтабыз.
Ар бир адамда, ар бир үйдө, Кыргызстаныбызда бейпилдик, тынчтык, аруу ой-тилектер, бийик максаттар ишке ашып турсун! Сөз эркиндигинин, ой-пикирдин эркиндигинин жолу торолбосун!
Кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен, урматтуу биздин окурман журтубуз!
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




