Жаңы курулган имараттын тургундарын алдоого шектелген компания жетекчилери кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын «Чыгыш-5» кичи районунда жайгашкан «Санхаус плюс» турак жай комплексин куруучуларга алдамчылык жана курулуш нормаларын бузуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

24-сентябрда Фейсбук баракчасында комплекстин жашоочуларынын видео кайрылуусу жарыяланып, анда подрядчы өз милдеттенмелерин аткарбай, имарат ишке берилбей жатканына нааразы болушкан. Курулуш башталганга чейин компания турак жай комплексин ири шаарда жашоого эң ыңгайлуу шарттарды, анын ичинде коопсуздук системаларын, тосулган аймакты, жеке жер астындагы унаа токтотуучу жайды жана башкаларды сунуштайт деп жарнамалаган.

Тургундардын кайрылууларын текшерүү учурунда үйдүн курулушу мыйзам бузуу жана макулдашылган долбоордон четтөө менен жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Жашоочулар долбоорго киргизилген жер астындагы унаа токтотуучу жайларды алышкан эмес.

Ишкананын жетекчилиги кирешени көбөйтүү максатында жер астындагы унаа токтотуучу жайды долбоорлоо документтерин жана курулуш нормаларын бузуу менен, бекитилген пландан четтеп, коммерциялык жайга айландырганы аныкталган. Бул соода-сатык келишимдеринин шарттарын, комплекстин жашоочуларынын мыйзамдуу укуктарын бузуп, айланадагы жол абалын да  начарлаткан.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында курулуш ишканасынын директору О.Б.М. жана көзөмөл жүргүзгөн долбоорлоо уюмунун жетекчиси Б.Э.Б. кармалып, Бишкек  шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) убактылуу кармоочу жайына камалды.

Жаңы курулган имараттын тургундарын алдоого шектелген компания жетекчилери кармалды
Жаңы курулган имараттын тургундарын алдоого шектелген компания жетекчилери кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты