Жаңы депутаттар Жайлообай Нышанов жана Райимберди Дүйшөнбиев ант беришти
- 4 месяца мурун
Бүгүн, 25-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында №15 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган Жайлообай Нышанов жана №14 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган Райимберди Дүйшөнбиев ант берди.
Жаңы депутаттар өз арызынын негизинде кеткен депутаттар Нурланбек Тургунбек уулу жана Кундузбек Сулаймановдун ордуна келишти.
№14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча мандат алган Райимберди Дүйшөнбиев 2016-2020-жылдары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башчы штабынын башчысы болгон. Дүйшөнбиев мандатын тапшырган Кундузбек Сулаймановдун бошогон ордуна депутаттык мандат алды.
Жайлообай Нышанов №15 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталды. Ал 2024-жылы Жалал-Абад аэропортунун башчысы болгон. Нышанов Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна депутат болуп катталды.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




