Жаңы ачылган фармзавод дары-дармектин он түрүн чыгарууга даяр экени белгиленди

  • 1 год мурун

Бишкек Эркин экономикалык аймагына (Бишкек ЭЭА) барганда, 18-мартта, Министрлер кабинетинин төрагасы фармацевтикалык заводдун ачылышына катышты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Завод ишке киргизилгенден кийин жүрөк-кан тамыр, эндокринологиялык, ичеги-карын жана жугуштуу оорулар ж.б. медициналык көрсөткүчтөр үчүн дары-дармектердин 10 түрүн чыгарууну камсыз кылууга даяр экени белгиленди.

Ошондой эле күн модулдарын өндүрүү жана жеткирүү, күн энергетикасы жаатында инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен иштеген “New-Tek LLC кыргыз-герман компаниясында болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкек”ЭЭАнын өзүн өнүктүрүүгө чоң дарамети бар экенин белгилеп, долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Сүрөт: Минкаб. басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты