Бишкекте заводдон чыккан өрт өчүрүлдү

  • 6 дней мурун

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Интергельпо көчөсүндө жайгашкан заводдон чыккан өрт бүгүн, 5-февралда, таңкы саат 05:15те  өчүрүлдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 8 бөлүм, өрт өчүрүүчү унаа жана штаб тартылган. Өрттүн аянты болжол менен 2000 чарчы метрди түзгөн.

Андагы өрттөн дене боюнан жабыркагандар жок.

Сүрөт: ӨКМ Бишкек башкармалыгынын видеосунан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты