Жүзүм өстүрүүнү колдоо демилгеси көтөрүлүүдө

  • 6 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Чүй облусунун  Ысык-Ата районунда жүзүм өстүрүү тармагын колдоого байланышкан көчмө жыйын болуп өттү. 

Отурумга президенттин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, агроөнөр жай тармагынан тиешелүү мамлекеттик мекемелер жана ишкерлер да катышты. 

Төрөбаев өлкөдөгү ишкерликти ар тараптан колдоого Министрлер кабинети даяр экендигин билдирди. 

Жүзүм өстүрүү аркылуу экспортту дагы өнүктүрүүгө, аны менен жумуш орундарын түзүүгө болот. Бул үчүн өлкөнүн жагымдуу климаттык шарты, өндүрүштүк жана инфраструктуралык потенциалы бар экендигин кошумчалады. 

Жүзүм өстүрүү көп убакытты талап кылгандыктан мамлекеттик колдоо катары салыкты жеңилдетүү, багбандарга далилдүү сунуштарды берүү сыяктуу багыттарды ишке ашырууда мамлекет активдүү катышат. 

Жыйындын соңунда МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик мекемелерге багбандар менен бирге жумушчу топ түзүүнү жана жүзүм өстүрүүнү колдоого байланышкан тиешелүү ченемдик укуктук актыларды даярдоо боюнча тапшырма берди.ө

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты