Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек-2 — Балыкчы» поезди 16-июндан жүрө баштайт

  • 11 месяцев мурун

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 16-июнунан тартып жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө № 608/609 «Бишкек-2 – Рыбачье» багытындагы жүргүнчү поезди каттай тургандыгын маалымдады.

Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон  бар.
Бул вагонго  билетти алдын ала 2023-жылдын 12-июнунан баштап сатып алууга болот.

№608 «Бишкек-2 – Рыбачье» поезди Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан «Бишкек-2» станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан «Рыбачье» станциясына саат 11:42де келет.

№609 «Рыбачье – Бишкек-2» поезди «Рыбачье» станциясынан саат 17:48де жөнөйт, «Бишкек-2» станциясына 21:50дө келет.

Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, дем алышсыз кайрылсаңыздар болот: 0705 076696; (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40.

Сүрөт: kjd.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты