Жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү боюнча коррупциялык схеманын бети ачылды

  • 10 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө («Кызмат абалын кыянат пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык кызматкерлерине  кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү жана бажылык тариздөө боюнча коррупциялык схема аныкталды. “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактар аралык секторунун кызматкерлери материалдык кызыкчылыкты көздөп, Казакстан жана Кыргызстандын айрым жарандары менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барып, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүүгө алып келген, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жасалма бажы документтерин берүү менен импорттук жана бажылык тариздөө боюнча мыйзамсыз канал түзүшкөн.

Тактап айтканда, КР ИИМге караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактар аралык секторунун кызматкерлери тарабынан Казакстан мамлекеттик бажы декларациясынын негизинде 2009-жылы чыгарылган “Вольво ФН480” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа катталган. КР Улуттук банкынын курсу боюнча ЕАЭБ бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген 16 000 АКШ доллардын, б.а. 1 миллион 400 сомдун ордуна Мамлекеттик бажы декларациясынын маалыматы боюнча, бажы алымынын суммасы 1 230 АКШ долларын (105 850 сом) түзгөн.

Ошол эле учурда, 2022-жылдын январынан майына чейинки мезгилде эле аталган коррупциялык схема менен Кыргыз Республикасынын аймагына 300дөн ашык жүк ташуучу унаалар алынып келинип, каттоодон өткөн.

Учурда УКМК тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты