Өзгөндө жер тилкелерин мыйзамсыз саткан кызмат адамдары кармалды

  • 4 недели мурун

Өзгөн районундагы жер тилкелерин мыйзамсыз саткан кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 1962-жылы туулган У.Ы, аталган айыл өкмөттүн азыркы юристи 1981-жылы туулган И.И. жана алардын шериги 1980-жылы туулган Н.М. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

«2019-2021-жылдар аралыгында аталган адамдар алдын ала макулдашууга кирип, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап, кол коюп, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган.

Натыйжада жасалма документтердин негизинде 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Ош облусунун Өзгөн районундагы 22га жер «Айыл чарба багытындагы» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына трансформацияланган. Мында мамлекетке келтирилген зыян 829 миллион 200 миң сомду түзөт», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты