Өзгөндө мурдагы депутат менен «жер мафиясынын» мүчөсү кармалды

  • 5 месяцев мурун

Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы депутаты менен «жер мафиясынын» уюштуруучуларынын бири жасалма документ жасоо менен муниципалдык жерди мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүүгө шектелип, кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин ушул эле кылмыш боюнча Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы башчысы У.Ы.Д., аталган айыл аймактын азыркы адвокаты И.И.А. жана алардын шериги Н.М.М. кармалган.

«2019-2021-жылдар аралыгында аталган адамдар алдын ала макулдашууга кирип, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап, кол коюп, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган. Натыйжада жасалма документтердин негизинде 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Ош облусунун Өзгөн районундагы 22 гектар жер «Айыл чарба багытындагы» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына трансформацияланган»,- деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда жогоруда көрсөтүлгөн жер алдамчылыгына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты