Өзгөндөгү «Куршаб» базарынан өрт чыкты
- 1 год мурун
- Видео
Бүгүн, 11-июлда, саат 12:43тө Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылындагы базардын ичиндеги “Миң Туркүн” дүкөнүндө өрт чыккан.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө төрт өрт өчүрүүчү унаа тартылган. ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан Чекиров башында турган ыкчам топ, кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан дрон жана атайы унаасы менен офицерлер, тез жардам кызматынын, райондук электр тармактар ишканасынан жана ИИМдин кызматкерлери тартылды.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




