Өзгөндөгү акы төлөнүүчү айланма жолдун ачылышы болуп, ал кайра жабылып калганы айтылды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиевдин Өзгөндөгү жаңы салынган айланма жолдун ачылышы болуп, кайра жабылып калганынын себеби боюнча суроого транспорт жана курулуш министринин орун басары Бекназар Базаралиев жооп берди.
-Бүгүнкү күндө ал жерде автоматташтырылган система пилоттук режимде иштеп жаткан экен, бирок оптикалык кабелде авария болгондугуна байланыштуу убактылуу жабылууга туура келиптир. Андан сырткары азыр бул системаны банк системасы менен интеграция жүргүзүп жатыптыр. Ушул жуманын аягына чейин ачылат деп айтышты, -деди.
Ош облусунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү, акы төлөнө турган унаа жол менен көпүрөлөр курулуп бүткөнүн президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымдаган. «Жолдун узундугу — 14 чакырым, туурасы — 22 метр. Анын ичинде 200 жана 97 метрден турган эки көпүрө салынган» деп айтылат маалыматта.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров жакында жарыялаган иликтөөсүндө Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев Өзгөндөгү акы төлөнүүчү айланма жолдун ээси экенин айтып чыккан. Муну президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Таймурас Ташиев инвестор тапканын билдирген.
Ушул жылы 26-январда Өзгөн районунун администрациясы “Тез жол” жана “Жагалмай” деген эки компания менен Өзгөн шаарын айланып өтө турган жол салуу үчүн келишим түзүп, долбоордун наркын 29 млн доллар деп баалаган. Өкмөт менен жолду салган компания 49 жылга келишим түзгөн. Бул — Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү жол. Андан өтүү үчүн жеңил автоунаалардан 200 сом, жүк ташуучу машинелерден 700 сом алынат.
Сүрөт: Видеодон алынды