Өзгөндөгү акы төлөнө турган жаңы айланма жол курулуп бүттү (видео)
- 2 месяца мурун
Ош облусунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү, акы төлөнө турган унаа жол менен көпүрөлөр курулуп бүттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымдап, видеосун жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, 29-ноябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Өзгөн районуна иш сапар менен барып, жаңы курулган унаа жол менен таанышкан.
«Жолдун узундугу — 14 чакырым, туурасы — 22 метр. Анын ичинде 200 жана 97 метрден турган эки көпүрө салынган»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда жолдун четинде коопсуздук тосмолорду орнотуу жана төлөм пунктун түзүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.
Аталган өкүлчүлүк жаңы жол пайдаланууга берилсе, Бишкек — Ош каттамындагы айдоочулар Өзгөн шаарына кирбей, айланма жол аркылуу каттап тыгын бир топ азаярын билдирди.
Сүрөт: интернет булактары