Өзгөндө электр тармактары ишканасынын кызматкери пара менен кармалды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Өзгөн районунда электр тармактары ишканасынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылынын тургуну Н.С. райондун прокуратурасына арыз менен кайрылып, райондук электр тармактары ишканасынын (РЭС) кызматкерлери электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн негизсиз акт түзүп, жазадан бошотуу үчүн пара талап кылып жатышканын билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин жыйынтыгында райондук электр тармактары ишканасынын кызматкери Р.А.Т. арыз ээсинен опузалап талап кылган акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты боюнча райондук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара алуу») боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты