Өзгөндө башкы дарыгер 300 миң сом пара берүүгө шектелип кармалды

16-июлда Өзгөн райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери  Б.Г.Т. 300 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Бул факт боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мааоыматта айтылгандай, Өзгөн-Кара-Кулжа райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Б.Г.Т. мыйзам бузууларды жашыруу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн УКМКнын кызматкерине 100 000 сом пара сунуштаган. Баш тартуудан кийин ал акчаны 300 миң сомго чейин көбөйтүп, пара берүү аракетин уланта берген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты