Өзгөндө баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөнгө шектелген жаран кармалды
- 2 года мурун
Өзгөндө баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-декабрь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош ОИИБдин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам өкүлдөрү тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 17-декабрь күнү кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Кара-Суу районунун Ю.И. аттуу тургуну кармалды.
Шектүүнүн жанынан 200 грамм өзгөчө жыты бар зат алынган.
Ага тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык алынган зат гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.




