Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абаддын берилишине каршы акция өтөт

  • 2 года мурун

Бүгүн, 15-октябрда, Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы элдмк курултай өткөрүлөт.

Курултайды аталган Кызыл-Октябрь айылынын тургундары уюштурууда. Айылдыктардын айтымында, Өзбекстан менен түзүлгөн келишимде суунун жогорку чеги 900 горизонт деп белгиленген. Мындай учурда суу бул айылдын айдоо жерлерин каптап кетет.  Ошого байланыштуу алар тынчтык акциясын уюштуруп  жатышат.

Жогорку Кеңештин комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду.
Комитет жыйынында келишимдин долбооруна 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.

Депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюуга каршы пикирин айтты. Бул тууралуу ал 10-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Ал Өзбекстан буга чейин да бир катар убадаларын аткарбай койгонун айтты. Депутат Мадумаров УКМКнын жетекчисин эл өкүлдөрүн коркутпоого чакырды.

«Бул жерде сиз Өзбекстан менен болгон келишимди бузуп сүйлөгөндөрдү жазалагыла деп жатасыз. Мени жазалагыла. Мамлекеттик телеканалдардын, Регион ТВны чакырып, мени атып салгыла» деди Мадумаров.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Мадумаровго ордун бошотуп бере турганын белгиледи. «Көк-Серек, Ак-Таш, Унгар-Тоо тилкелери сыяктуу талаштуу тилкелердин баары бизге өттү. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин бердик, аны моюнга алабыз. Ошону да алып алсак жакшы болмок. Эми эки тараптуу келишим болгондон кийин алардын да бир шартына макул болушубуз керек да. Эгер мындан дагы артык келишим түзөм десе, Мадумаровго ордумду бошотуп берем. Комиссияны жетектеп барып сүйлөшсүн, бир жылдык убакыт берели» дейт Ташиев.

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайсы жерлер өткөнүн айтты.

Гавасай — 12 миң 949 гектар, Көк-Серек — 105 гектар, Баястан — 212 гектар, Унгар-Тоо — 35 гектар, Ак-Таш — 100 гектар, Кара-Белес — 25 гектар өттү.

Шарихан каналынын башы 19,5 гектары Өзбекстанга, калган 19,5 гектары Кыргызстандын Өзгөн районуна тиешелүү. Кошумчалай кетсек, 1000 гектар жер Сузак менен Өзгөн районунун ортосунда 500 гектарга бөлүнгөн – алар Кыргызстанга тиешелүү.

Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан толугу менен көзөмөлдөйт. «Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери калган. Бирок сууну 8 адамдан турган биргелешкен мекеме көзөмөлдөйт. Анын төртөө Кыргызстандан, төртөө Өзбекстандан. Кыргызстандыктар сууну ээн-эркин пайдалана алышат.

Баары биздин колго өтүп, жеңишке жетти дегенден алыспыз. 1 метр жерди дагы берген жокпуз» — деди Ташиев.

Сүрөт: Кызыл-Октябрь айылы, 15-октябрь, «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты