“Өзгөчө жүрөктөрдүн дүйнөсү”. Аутизм көйгөйү

  • 1 месяц мурун

Аутизм көйгөйү тууралуу маалымат таратуунун эл аралык күнүнө карата Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун колдоосунда “Өзгөчө жүрөктөрдүн дүйнөсү” аттуу форум Бишкекте болуп өттү.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Гуля Кожокулова, Лейла Лурова, өзгөчө балдар жана алардын ата-энелери, тийиштүү министрликтердин, мекемелердин өкүлдөрү, балдардын укуктарын коргоочу уюмдардын жетекчилери, педагог-психологдор катышты.

Форумда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктары боюнча мыйзамдардын аткарылышы, инклюзивдик билим берүү абалы, балага камкордук, жөлөк пул маселелери талкууланды.

Депутат Айсулуу Мамашова өзгөчө балдардын ата-энелери көп учурда өз көйгөйлөрү менен өздөрү калып жатканын белгилеп, аларга көмөк көрсөтүү үчүн мамлекет табарынан олуттуу чаралар көрүлүшү керектигин айтты. Депутат алардын абалын жеңилдетүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жатканын кошумчалады.

“Мурда өзгөчө балдарга эч кандай жеңилдик жок болчу. Эми калкты тейлөө борборлорунун көчмө кызматы үйлөргө барып, балдардын керектүү документтерин беришет. Ошондой эле ата-энелерге бекер юридикалык кызмат көрсөтүүнү камсыздоо боюнча да долбоор иштелип жатат” деди Мамашова.

Нилуфар Алимжанова Жогорку Кеңеште инкюлиздик билим берүү, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын жөлөк пулу боюнча маселе байма-бай көтөрүлүп жатканын кошумчалады.

Аутизм менен жабыркаган балдарга жөлөк пул чегерүү жараяны да өтө татаал экени айтылып, депутат Аида Исатбек кызы аны жеңилдетүү маселесин көтөрдү.

Форумда ата-энелер өзгөчө балдарды окутуп-үйрөтүү өтө кымбат экенин билдирип, мамлекеттик реабилитациялык борборлорду ачууну өтүнүштү. Ошондой эле алар персоналдык ассистент болгондуктан, кошумча иштегенге мүмкүнчүлүк берилбей жатканын билдиришти.

Сүрөт: Форум учуру. ЖК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты