Аутизм менен жабыркаган кыздын колун сындырган психолог алты жылга эркинен ажыратылды

  • 1 месяц мурун

Аутизмден жабыркаган кыздын колун сындырып алган психолог алты жылга эркинен ажыратылды.

Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту 12-декабрдагы отурумунда чыгарды.

Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.

Сот отурумуна акыйкатчы институтунун, прокуратуранын өкүлдөрү да катышты. Буга чейин кызы аутизм менен жабыркаган Чынара Жунусова президентке, УКМК төрагасына кайрылып, сот адилеттигин камсыз кылууну суранган. Ал жеке мекемеде иштеген Илья Ананьев аттуу окутуучу-психолог күрөш ыкмаларын колдонуп, кызынын колун сындырып алганын билдирген.

2024-жылы 23-декабрда окутуучу кыздын колун сындырып алгандан кийин бир нече жолу операция жасалган.

Сүрөт: Соцтармакта видеотасмадан алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты