Миң-Куш айылын жандандырууга арналган форум өттү
- 3 недели мурун
- Баяндар
Жумгал районунда “Миң-Куш айылын туруктуу туризм аркылуу өнүктүрүү” — “Унутулган шаарларды жандандыруу” аталыштагы форум болуп өттү.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды
Катышуучулар Миң-Куштун жана жалпы эле Жумгал районунун туристтик, жаратылыш, тарыхый-маданий жана гастрономиялык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
Тоо күн тартиби боюнча президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова бүгүнкү күндө Миң-Куш тургундар жана коноктор үчүн коопсуз, ошондой эле жашыл экономика, айыл чарба жана туризмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенин белгиледи.
Өзүнчө тегерек стол уран калдыктарынын объектилерине жакын жайгашкан калктуу конуштардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды.
Форум Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин, БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Европа Биримдигинин жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы, Мин-Куш айыл аймагы жана «Дестинация Мин-Куш» коомдук бирикмеси менен бирге өткөрүлдү.
Форумга Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дюфло, ЕККУ, БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын, туризм тармагынын, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан уран мурастары менен байланышкан калктуу конуштардын өкүлдөрү катышты.

Сүрөттөр: president.kg




