Ашхабад шаарында эл аралык форум уюштурулду
- 1 месяц мурун
Түркмөнстанда «Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечектин кызыкчылыгы үчүн максаттардын биримдиги» аттуу эл аралык форум уюштурулду. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.
Президент Садыр Жапаров Түркмөнстан тарабынан ишке ашырылып жаткан газ жана энергетикалык долбоорлор энергия менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатып, рынокторду кеңейтип, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн кошумчалады.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Бул контекстте ал биздин өлкөлөрдүн электр энергиясын жеткирүү жаатындагы ийгиликтүү кызматташтыгын белгиледи.
Ошондой эле мамлекет башчы транспорт жана логистика тармагында кызматташуу тууралуу белгилеп өттү.
“Биздин өлкөлөр үчүн транспортту модернизациялоо жана мультимодалдык маршруттарды өнүктүрүү негизги милдеттерден болуп калат” деди Садыр Жапаров.
Бул контекстте ал Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле энергетика тармагында Камбарата ГЭС-1 куруу долбоору өзгөчө мааниге ээ болорун баса белгиледи.
«Албетте, бул жана башка ири долбоорлор өз ара пайдалуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсүнө жаңы келечектерди ачат», — деп белгиледи Президент.
Садыр Жапаров ошондой эле Түркмөнстандын уникалдуу аймактык формат — Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусун чыңдоодогу активдүү ролун белгиледи.



Жапаров сөзүнүн аягында өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттери мындан ары да Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана ишенимди бекемдөөгө, коңшулаштык мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгиледи.
Сүрөттөр: president.kg




